В. А. Сухомлинскийдин педагогикалык ишмердүүлүгү жана тажрыйбалары



Скачать 190,42 Kb.
Дата16.04.2020
Размер190,42 Kb.

1.2. В.А.Сухомлинскийдин педагогикалык ишмердүүлүгү жана тажрыйбалары
Василий Александрович Сухомлинский 1918-жылы Херсон облусунун Васильевка айылында кедей дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 1933-жылы ал жети жылдык мектепти бүтүргөн. Ошол жылдары өлкөдө мугалимдерге болгон муктаждык чоң болчу. 1934-жылы Сухомлинский Кременчуг педагогикалык институтунда даярдоо курсун аяктаган. 1935-жылы В.А.Сухомлинскийдин узак педагогикалык жолу башталды.

1938-жылы Полтава педагогикалык институтун бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1941-жылы июлда Кызыл Армияга чакырылган. Кенже саясий офицер наамында Батыш жана Калинин фронтторунда согушуп, Смоленск жана Москва салгылашууларына катышкан. 1942-жылы январда ал жүрөгүнөн снаряддын сыныгы менен катуу жарадар болду. Кереметтүү түрдө аман калып, Урал ооруканасынан дарыланып чыккандан кийин 1942-1944-жылдары Удмурт Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын Ува айылындагы мектептин директору болуп иштеген. Мекенине кайтып келгенде, ал партизандарга катышкан жубайынын немец баскынчылары тарабынан жаш баласы менен өлтүрүлгөнүн билет.

1944-жылдан - Онуфриев райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы. 1948-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Украинанын Кировоград облусунун Онуфриевский районундагы Павлыш айылындагы орто мектептин директору болуп иштеген. 1955-жылы "Мектеп директору - окуу процессинин уюштуруучусу" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

Сухомлинский 30га жакын китептин жана 500дөн ашык макалалардын автору. Анын "Мен жүрөгүмдү балдарга берем" деген китеби Украина ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыган (1974-ж., өлгөндөн кийин). Анын жашоосу балдарда кадыр-барк сезимин көтөрүп, ар намыстуу жаранды тарбиялоо менен өттү.

В.А.Сухомлинский баланын инсандыгын тарбиялоону билим берүү процесстериндеги эң жогорку баалуулук катары тааныган, ошондой эле пикирлеш мугалимдер менен окуучулардын ынтымактуу коллективинин чыгармачылык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, гуманизмдин принциптерине негизделген оригиналдуу педагогикалык системаны түзө алды., . В.А.Сухомлинский коммунисттик тарбияны партиялык топтордун тил алчаак аткаруучулары эмес, "ой жүгүртүүчү инсандардын" калыптанышы деп түшүнгөн. В.А.Сухомлинский окуу процессин кубанычтуу ишмердүүлүк катары уюштурду; окуучулардын дүйнө таанымын калыптандырууга чоң көңүл бурган; билим берүүдөгү мугалимдин кебине, көркөм стилине, балдар менен жомокторду, көркөм чыгармаларды колдонуусуна ж.б. чоң маани берген ("Жүрөгүмдү балдарга берем", 1969). "Сулуулукка тарбиялоо" деген комплекстүү эстетикалык программасын иштелип чыккан. Сухомлинскийдин системасы авторитардык тарбияга каршы чыгып, расмий педагогикалык чөйрөлөр тарабынан "абстрактуу гуманизм" деп сынга алынган. Сухомлинскийдин көз караштары жалпыланган түрдө "Коммунисттик тарбиялоо тууралуу этюддар" (1967) деген жана башка эмгектеринде берилген.

В.А.Сухомлинскийдин идеялары көптөгөн мектептердин тажрыйбасына киргизилген. Сухомлинскийдин эл аралык ассоциациясы жана Эл аралык изилдөөчүлөрдүн Сухомлинский бирикмеси жана Павлыш орто мектебинде 1975-жылы Сухомлинскийдин педагогикалык музейи түзүлгөн.

В.А.Сухомлинский баланын турмушундагы мугалимдин ролу жана мааниси жөнүндө өз көз карашын билдирген. Мугалимдин балдарга болгон сүйүүсү болушу керек. Адамга, аны тарбиялоонун күчүнө чексиз ишеними болгон.

В.А.Сухомлинский “Мугалимге жүз насаат” деген эмгегинде балдарды тарбиялоодогу мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракетине чоң баа берген. Ал “Инсанды тарбиялоого көп күч катышат, анын ичинде, бнринчиден, үй-бүлө бар, ал эми үй-бүлөдөгү эң чебер жана акылман скульптор – бул эне; экинчнден, рухий асылдыгы жана байлыгы, акылы, билими, иш билгилиги, дилгирлиги, турмуштук тажрыйбасы, интеллектуалдык, эстетикалык жана чыгармачылык керектөөсү, кызыгуусу, умтулуусу бар педагогдун инсаны; үчүнчүдөн, ар бир инсанга тарбиялык таасир көрсөтүүчү кубаттуу күчү бар коллектив (балдар, өспүрүмдөр); төртүнчүдөн, тарбиялануучунун өз инсаны (өзүн-өзү тарбиялоо); бешинчиден, интеллектуалдык, эстетикалык жана моралдык байлыктар дүйнөсүндө (бул жерде баарынан мурда – китеп) тарбиялануучунун өз инсаны; алтынчыдан, таптакыр күтүлбөгөн скульпторлор (сиздин тарбиялануучуңуз). Эгерде бул скульптор-тарбиячылардын баары ар дайым тегиз ойногон снмфониялык оркестрдей аракет кылса, педагогикалык кылычтар жана найзалар чабышып, көп проблемалар женил чечилер эле” – деп жазат.



В.А.Сухомлинский ата-энелерди балдарды тарбиялоо жумушуна тартуудагы төмөнкүдөй өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн: “Бизде ата-энелер үчүн педагогикалык мектеп бар, анда мектенке чейннки, I—III класстардагы, IV—VIII класстардагы, IX—X класстардагы окуучулардын ата-энелери деген бөлүмдөр бар. Балдарын окууга берерден үч жыл мурда эле ата-энелер ата-энелерднн педагогикалык мектебинен окуй
башташат. Эки жумада бир жолу алар мектеп директорунун, окуу-тарбия иши боюнча директордун орун басарынын, класстан тышкаркы иштер боюнча орун басардын, үч жылдан кийин биринчи классты окутуучу мугалимдин лекцияларын угушат. Мына, педагогикалык мектептин мектепке чейинки бөлүмүнүн 1964-1967-жылдар үчүн иш планы (педагогикалык мектепте окуй турган ата-энелердин балдары I класска 1967-жылдын күз айында киришти):

  • 4төн 7ге чейинки баланын дене жана психикалык жактан өсүшү.

  • Баланын ооруп калышын алдын алуу.

  • Баланын режими, тамагы, ден соолугун чыңдоо.

  • 4төн 7 жашка чейинки баланы акыл жактан кантип тарбпялоого болот.

  • Баланын сөзүн жана акыл жөндөмүн өстүрүүгө эненин жана атанын камкордугу.

  • Балдардын нерв системасынын жабыркашын кантип алдын алуу керек.

  • 4төн 7 жашка чейннки баланы эмгекке тарбиялоо.

  • Улууларга карата ызат-сыйды кантип тарбиялоо керек.

  • Окуучуну тарбиялоодо жаратылыштын мааниси.

  • Мектепке чейинкилерднн ксректөөсүнүн жана кызыгуусунун өсүшү.

  • Мектепке чейннки балада чындыкты таанып-билүүнүн жана эмоциянын өсүшү.

  • Балада кишини туюуну кантип тарбиялоо керек.

  • 4төн 7 жашка чейинки баланы тарбиялоодогу кооздуктун ролу.

  • 4төн 7 жашка чейинки баланын чыгармачылыгы.

  • Балдарды таш боордуктан кантип сактап калуу керек.

  • Каалоосун кармана билүүнү балага кантип үйрөтүш керек.

  • Тарбия каражаты катары өсүмдүктөр менен жаныбарларга балдардын камкордугу.

  • Мектепке чейинки балдарды акыл, адеп, эмоция жана кооздукка тарбиялоодо оюн жана анын ролу.

  • Эне – баланын биринчи тарбиячысы жана мугалими.

  • Үй-бүлө – адамдык өз ара мамилелердин мектеби.

  • Ата жана уул.

  • Эне жана кыз.

  • Мектепте окууга баланын психикалык даярдыгы.

  • Баланын моралдык маданиятынын биринчи элементтери.

  • Сиздин балаңызды биз жана сиз кандай элестетебнз.

  • Өз балдарын тарбиялоодо ата-эне кандай ката жиберет жана ал каталардан кантип кутулуу керек.

  • Чоң ата жана чоң эне булар да тарбиячылар.

  • Мектепке чейин баланы эмнеге жана кантип үйрөтүү керек.

  • Үй-бүлөдө ак ниеттүүлүк жана ынтымактык өкүм сүрүүгө кантип жетишүүгө болот.

  • Балдарды жароокерликке кантип тарбиялаш керек.

  • Өз ара кантип тил алчаак болуш керек.

  • Эмоциялык эргүүнү кантип токтотуп калуу керек.

  • Жакшы болууну каалоону балада кантип тарбиялаш керек.

  • Балалык кежирликти кантип болтурбоо керек.

  • Ата-энелик бийлик деген эмне жана аны кантип пайдаланууга болот.

  • Жазалоону колдонбой кантип тарбиялаш керек.

  • Жазалоодо эмне көп – пайдабы же зыянбы.

  • Балдардан эмнени талап кылууга мүмкүн жана эмнени талап кылууга болбойт.

  • Балдарды тарбиялоо – атанын жана эненин коомдук маанилүү милдети.

Ушундай темаларда лекция даярдоого жана окуута сизге, мугалимге, туура келгендиктен бул татаал иш жөнүндө бир топ кеңеш бергим келет. Ата-энелерди коомдук жогорку милдетти орундатуу сыяктуу эң асыл, адамгерчиликтүү, бийик чыгармачылыкка тарбиялоого үйрөткүлө. Бизде ата-
энелерге жасаган ар бир лекциясыида жана аңгемесинде адамды жаратуу идеясын ачык-айкын көрсөтө бнлишкен, энеде жана атада жер бетинде эң сонун, эң асыл нерселерди түзүп жатышкандыгына сыймыктандырган эң сонун класс жетекчилер бар. Алар ата-энелик педагогиканы эмгек, илим, устаттык жана чыгармачылык катары ачып беришет”- деп жазат.

Андан ары сөзүн мындай деп улантат: “Бул класс жетекчилер эч убакта лекция менен аңгемесин тарбия ишинде ката жана жаңылыштык кетирген ата-энени «чымчып коюу» максатында түзүшпөйт. Сага да антпөөгө кеңеш берем, жаш досум. Айрым үй-бүлөлөрдүн турмушунда терс көрүнүштөр али да бар, эгерде сиз бирөөнүн «жан дүйнөсүн матап» алардагы өкүттү (тарбиялоону билбегендик – бул баарынан мурда өкүт) жалпы элге ашкерелесеңиз, сизге ата-энелер улам аз келише баштайт, сиз аларды мектептен алыстатасыз, анан да өтө коркунучтуусу, алар: мен канчалык аракеттенсем да жакшы ата боло албайм, башка ата-энелердин балдары жакшы, меники жаман болуп калышы таалайдан, - деп баарына кол шилтешет. Ата-энелер менен алардын балдары жөнүндө сүйлөшүп баштап, аларды сиз күзгүгө кароого аргасыздандыр. Кандай болоруңузду эч убакта унутпаңыз. Эгерде адамга: көрүңүзчү, кейпиңиз кандай суук, - деп айтсаныз, ал сиздин сөздөргө кандайча карар эле...”

В.А.Сухомлинскийдин бул кеңештери тарбиялоонун курч маселелерин буйтап өтүү жана жымсалдоо дегенге жатпайт. Тескерисинче, бирөөлөрдүн ишинин оңунан чыкпай калышы башкалар үчүн сабак болууга тийиш. Мектептик-үй-бүлөлүк тарбиялоодон татаал жана карама-каршылыктуу эч нерсе жок; ал акылдуулук, билгичтик, сылыктык менен кыйкырык-чуусуз жана тополоңсуз чечүүчү миңдеген кагылыштарга толгон. Бирок жамандык жөнүндө куйтуңдабай айтып ошол эле учурда адамды кемсинтпөө керек. Көп учурда жаман иш жөнүндө жай сүйлөшүүгө туура келгенде ката, жаңылыштык жиберишкен ата-эненин аты-жөнүн айтпайбыз.

В.А.Сухомлинский “Бир үй-бүлөнүн жаңылыштыгы жана катасы жөнүндө терең ой жүгүртүү, айкын шарттарда тарбия жөнүндө ачык сүйлөшүү үчүн иштин башка формасы – ата-энелер менен жскече аңгемелешүү, өзгөчө аял мугалимдердин эне менен, эркек мугалимдин ата менен аңгеме жүргүзүү формасы бар. Ата-энелердин жалпы рухий жана педагогикалык маданиятын аныктоочу шарттары жана өбөлгөлөрү таптакыр бирдей болгон эки башка үй-бүлө жок. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнө гана таандык бнр нерселери бар. Мына ошондуктан эне жана ата менен, балдарды катыштырбай жекече аңгемелешүү биздин педагогикалык мектептин ишине органикалык бөлүк болуп кирет. Балдарсыз аңгемелешүү деген сөздү мен атайын баса айттым. Тарбия ишиндеги кыйынчылыкты жана өкүнүчтү, ийгиликти жана жаңылыштыкты балдардын көзүнчө эч убакта айтууга болбойт – бул зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Жакшы үй-бүлөлөрдө ак ниеттик жана ынтымактык, өз ара кадырлашуу, ата-энелердин сүйүү жана эпке келишүүсү – тарбиялык таасирдин башкы күчү болуп эсептелет, бирок үй-бүлөдө баары жакшы болуштун өзү аларды тарбиялап жаткандыгын балдар байкашпайт” – деп жазат.

“Педагогикалык бир катар идеяны биз мектептин ата-энелер менен жүргүзгөн бардык жумуштарында ишке ашырабыз” – деп жазуу менен В.А.Сухомлинский мындай деп сөзүн улантат: “Үй-бүлөнүн рухий турмушу менен баланы мектепте окутуу биримдигине биз өзгөчө маани беребиз. Педагогикалык коллектив үй-бүлөдө илимди, маданиятты, китепти кадырлоо өкүм сүрүүгө тийиш экендигине эне-аталарды ишендирүүгө умтулат. Биз үй-бүлө менен бирдикте китеп майрамын өткөрөбүз. Анын максаты – ата жана энеге өздүк китепканасы үчүн көркөм адабиятты алдыруу. Үй-бүлөдө жана үй-бүлө коллективинин рухий турмушунда китептин ролу жөнүндө биз ата-энелер үчүн педагогикалык мектептин бардык бөлүмдөрүндө лекция окуйбуз, жекече аңгеме өткөрөбүз. Балада көп кырдуу рухий кызыгуунун
жана керектөөнүн пайда болушуна умтулабыз, алардын арасында биринчи орунда китепке болгон керектөө туруу керек. Көп үй-бүлө кечкурун китеп окушуна жетише алдык: балдар жана өспүрүмдөр үйлөрүндөгү же мектептеги китепканадан китеп алып окушат”.

“Буга байланыштуу биз дагы бир эң маанилүү педагогикалык идеяга балдар, өспүрүмдөр, уландар жана кыздар өзүн-өзү тарбиялашына көп көңүл бурабыз, бул үй-бүлөсүз жана китепсиз мүмкүн эмес. Калыптанып жаткан адамдын бош убактысын пайдалана билишине, рухий керектөөлөрүнүн өсүшүн зарыл иштер менен толуктап, аны терең ойлонуу менен баалай билишине жетишебиз.

“Балага адеп акыл киргенден тартып эле анын жан дүйнөсүндө граждандык белгилер кантип түзүлөрү, толукталары, бекемделери жөнүндө эие-аталарга айтып беребиз. Граждандык ан-сезимдин жана граждандык туюмдун тамыры балалык кезден башталат; баланын жан дүйнөсүнө
себилген үрөн дүркүрөп өсөт, тамырын терең жайылтат.
Бул граждандык үрөн кантип себилери, граждандык аң-сезим кантип пайда болору жөнүндөгү кеңештерге биз чоң маани беребиз. Үй-бүлө коллективинде, демек, баланын рухий турмушунда коомдук кызыкчылыктарды чагылдырууга ата-энени үйрөткөнүбүз өтө маанилүү. Жалпы жыргалчылык, башкалардын жыргалчылыгы жөнүндө кам көрүү – болочок гражданиндин жеке иши болуп калышына баланын аң-сезимин тарбиялаңыз; анын ою менен сезими материалдык жана рухий байлыктарды керектөө менен чектелип калбасын. Адамдын адептүүлүгү көбүнесе ал балалык кезде көргөн жыргалынын башаты каерде экенине байланыша тургандыгын бул жерде кайрадан эске салууга туура келет. Турмуш дегенде тиешеси жоктой көрүнгөн нерсени кичинекей адам жүрөгүнө жакын кабыл алышы көп мүмкүнчүлүктү берет. Ата-энелерге бул мүмкүнчүлүктөрдү көрүүгө, жүрөгү менен сезүүгө жардам берип, биз аларга тарбиялоо ишин чыгармачылык катары үйрөтөбүз. Мына, көчөдө, сиздин короонун маңдайында ким тарабынан жана качан отургузулганы белгисиз какжырап бараткан дарак турат. Эгерде аны бакпаса, ал куурап жок болот. Ушул кезге чейин көрбөгөн нерсеге экинчи класстагы балаңыздын көзүн ачыңыз, эгерде анын жүрөгүндө граждандык сезимди ойготпосоңуз анда аны эч качан көрө албайт. Куурап бара жаткан даракты баксын, сугарсын, зыянкечтерден
коргосун. Ага дагы үч көчөт отургузууга жардам бериңиз – адамдар үчүн бир нерсе кылгандыгына эң биринчи жолу сыймыктанып көрсүн. Баланын жашы жогорулаган сайын анын иши да граждандык сезим, тыичсыздануу, камкордук үчүн турмуштук негнз боло алгандай олуттуу болууга тийиш” –дейт.

В.А.Сухомлинский үй-бүлө менен бирдикте балдардын эмгегине кантип жетекчнлик кылуу керектиги тууралуу тажрыйбасын мындай деп бөлүшөт: “Баланын, өспүрүмдүн, улан-кыздын эмгеги үй-бүлөнүн


экономикалык, материалдык турмушуна кошулуп, жуурулушуп турушун ата-энеси аны балдардын ыйык милдети катары карашынын өтө маанилүү экенин дагы бир ирет белгилейм. Эгерде мындай болбосо, мектептин педагогикалык ар кандай амал-айласы эч кандай натыйжа бербейт. Эгерде баланын эмгеги үй-бүлөгө керек болбосо, эгерде ата-эне өздөрү балдарын иштен бошотуп, алардын турмушун жеңилдетүүгө жанталашса (мындай да болот), мектеп уюштурган эч кандай жумалык, эки жумалык, айлык практикумдар балдар үчүн иш болбойт да, алар оюн болгондо да тезирээк эле кутулгусу келген тажатма жана кыйын оюн болуп калат. Качан эмгек экономикалык зарылчылык болуп калганда гана ал тарбиялык күчкө ээ болот. Эгерде ушундай болсо, айда калган бардыгы өзүнөн өзү келет: окуу да эмгек болуп калат, атасы ооруп иштей албай калса, өспүрүм накта чоң адамдай ой жүгүртө баштайт.

Элет жеринде баланын эмгегиндеги уюштуруучулук-педагогикалык маселе жеңил чечилет. Ооба, кайталап айтамын, сөз бул жерде баланын эмгеги жөнүндө бара жатат. Эмгек педагогикалык абстракттуу көнүгүү эмес, ансыз эч нерсе жей албай, кийинүүгө да болбой турган иш болуп


калганда гана нагыз мээнеткеч, деги эле адам болуп туулган чыныгы адам болушу мүмкүн. Биз ата-энелер менен бирдикте балдарга алы жете турган жана ошол убакта өндүрүмдүүлүгү боюнча маанилүү жумушту табууга кам көрөбүз. 7-8 жашар балдар энелери жана эжелери, агалары менен бирге жнбекчилер звеносунда нштешет: тыттын бутактарын кесип, текчелерге жыйышат, таштандыларды чыгарышат. 9-10 жашар балдар жана кыздар жибекчилер звеносундагы жумуштан башка да жүгөрүнүн үрөндүк сотолорун ылгап алышат, жашылча уруктарын даярдашат, кык чогултушуп, жашылчалардын жөөктөрүнө төгүшөт. 11-12 жашар балдар чөп кургатышат, жашылча-жемиш жыйышат, мал кайтарышат.

В.А.Сухомлинский балдарды тарбиялоодогу коллективдин таасирин да абдан жогору баалаган. Бул багыттагы тажрыйбаларын төмөнкүдөй бөлүшкөн. “Балдар, өснүрүмдөр, жаштар коллективи – өтө татаал


биримдик. Бул мицдеген булактан кошулган өзөн. Коллектив акырындап түзүлөт. Отуз эки жылдан бери мен бириичи класстардын турмушун байкап келе жатам, биринчиден 1-класска чейинки кичинекей балдардын көп
муунун өзүм окуттум – балдар мектеп босогосун аттагандан кийинки кандайдыр бир мезгилге чейин коллектив деген түшүнүк класста болбойт жана болууга мүмкүн эмес деп айтууга менде укук бар деп ойлойм. Коллектив бара-бара жаралат. Коллективди түзгөн башкы нерсе – бул
уюштуруучулук көз карандылыктардын талабы жана системасы деп ырастоо мага мажүрөөдөй көрүнөт. Талаптуулук, жоопкерчилик, баш ийүү жана жетекчилик – коллектив таянган эң маанилүү шарттар ушулар, бирок мындан
башка да маанилүү нсгиздерсиз коллектив болбойт жана болууга мүмкүн эмес. Эгерде окуучулардан жетекчи шайлап, милдеттерди бөлүштүрүп, талап койсо эле коллектив түзүлүп калат деп ойлошкон кээ бир тарбиячылардын үмүтү иш жүзүндө натыйжасыз болуп калат”.

“Мектеп коллективи сыяктуу татаал рухий жамаатта кандайдыр бир элементти абсолютташтырып жиберүү жарабайт. Мындай кылуу – жакшы, ал эми тигиндейи – жаман деп универсалдаштыруу жана так кесе айтуу да олокосуз. Коллектив – бул кандайдыр белгисиз жактан пайда боло калуучу нерсе эмес, коллектив – бул педагогдун чыгармачылык туундусу. Коллективде педагогдун тарбиялык идеясы, анын көз карашы суунун тамчысындай чагылышып турат.

Менимче, көркөмдөп айтканда, коллектив бир нече тутумда: идеялык жалпылыкта; интеллектуалдык жалпылыкта; эмоциялык жалпылыкта; уюштуруучулук жалпылыкта көрүнөт.

Коллективизмди түзүү, ошол тутумдарды ширетүү тарбиячыга байланыштуу. Коллективизм элементтери бир учурларда балдардын мектептик турмушунун бирннчи эле жылында, экинчи бир учурларда – кийинчерээк пайда болот. Бул тутумдардын туруктуулугу, бекемдиги экинчилеринин бекемдигине, туруктуулугуна көз каранды. Асыресе, уюштуруучулук жалпылыгы талап коюу, баш ийүү, жетекчилик, башкаруу, көз карандылыктар системасы идеялык, интеллектуалдык жана эмоциялык жалпылыктардын биримдигине көз каранды. Ошондуктан уюштуруу көз


карандылыгынын – жетекчиликтин жана баш ийүүнүн бул же тигил структурасын түзүүгө шашуунун кереги жок. Эгерде классынызда окуучулардын жетекчи уюму түзүлүп, милдеттер бөлүштүрүлгөн болсо эле баары жайында болду деп ойлобоңуз” –деп жаш мугалимдерге кеңешин айтат.

Коллективди түзүү, менимче, ндеялык биримдиктен башталат, уюштуруу биримдиги деп аталган тутум ага таянат. Мен дайыма коллективди калыптандырууну жакшылык жана жамандык жөнүндө, башкача айтканда: «жакшы деген эмне, жаман деген эмне» экендиги жөнүндө балдарда бирдиктүү, жалпы түшүнүк, көз караш, элес болгон


кезден баштадым. Балдардым жакшы нш кылууга умтулушу, жакшылык үчүн күрөшү, өздөрүнүн коллективдүү иши менеп жакшылыкты бекемдеши, ошол эле убакта жамандыкка чыдамсыз, келишпес болушу, жамандыкты жек
көрүшү, алы жете турган чечкиндүүлүк жана эрктүүлүк менен ага каршы күрөшүүсү коллективдин алгачкы тутумун түзүү үчүн өтө маанилүү. Балдардын ою менен жүрөгүнө жакшылыктын кооздугу жөнүндөгү түшүнүктү, жамандыкка келишпөөчүлүктү канчалык бекемдей алсаңыз,
балдарга ошончолук мыкты тарбиячы боло аласыз. Коллективде гана жакшылык үчүн чыныгы күрөшчү боло турганына ар бир баланын түшүнүшүнө жана сезишине умтулам; коллективдүү күрөш чоң кубанычты берет, адамга өз күчүм, өз сулуулугун сезүүгө жардам кылат; биргелешип
күрөшкөн учурда адам башка адамды тааныйт, анда маанилүү рухий керектөө – башка адамды керектөө, анын колдоосуна, ага жардам көрсөтүүгө болгон керектөө туулат. Башкалардын үстүнөн бийлик (жетекчилик) кылардан мурда адам өзүнүн үстүнөн бийлик кылууну, буйрук кылган нерсени жасоого өзүн мажбурлоону үйрөнүш керек, ал эми абийиринин чакырыгына дайым даяр туруш үчүи жакшылыкка жана жамандыкка өтө сергек болуш керек; адам (ал кичинекей болсо да баары бир адам, бул жөнүндө эч качан унутпоо керек) жакшылык үчүн күрөштүн кандайдыр адептик тажрыйбасына ээ болгондо, мындай күрөштүн кубанычын көрүп, таанып-билгенде гана мындай сергектикке жетишет, ал күрөш бнринчи кезектерде кооз, жакшы бир нерсени биргелешип түзүүдө гана таанып-бнлинет мунсуз эч нерсе жасоого мүмкүн эмес”.

“Тарбиялануучунун жашы канчалык жогорулаган сайын, анын жакшылык үчүн жамандыкка каршы күрөшү мына ошончолук олуттуу болот. Балалык жана өспүрүм кезде ар бир адам бул коллективдүү күрөштүн мектебинен өтүшүн биздин педагогикалык коллектив өтө мааинлүү деп


эсептейт. Бул баарыпан мурда эмгек, жакшылыкты өз колдору менен жаратуу жана бекемдөө болуп саналат. Коллективдин тарбиясында «оозеки кайраттан», жамандыкка оозеки келишпөөчүлүктөн жана чынында ишсиз кол куушуруп отуруудан жаман нерсе жок. Биздин турмуштагы жамандык – бул баарыдан мурда жалкоолук, шалаакылык, кайдыгер мамиле, керт башынын
гана камын ойлоо, мүдөөлөрдүн тардыгы. Балалыктын, өспүрүм кездин, эр жетүүнүн алгачкы жылдарында адамдар үчүн материалдык жана рухий байлыктарды түзүү жөнүндөгү ойлор жана түйшөлүүлөр коллектив мүчөлөрүн баш коштурушуна жетишебиз. Отоо чөп чыкпаган жерге да
эмен токоюн өстүрүү, такыр кыртышты асылдандыруу – мындай эмгекке коллективдин гана күчү келет, анын тарбиялоочу ролу да ушунда. Дал ушул эмгек адамдардын ишенимин жана сезимин бириктирет. Идеялык жана эмоциялык жалпылык өндүү коллективдин өзөгү дал мына ушунда түзүлөт. Өздөрүнүн күчүн кыпындайдан топтоштуруп отуруп, тарбиялануучулар коллектив – бул кубаттуу күч экендигин, адамдык сулуулукту коллективде гана чындап таанып-билүүгө боло тургандыгын сезишет, баамдап түшүнүшөт”.

В.А.Сухомлинский мындай деп кайрылат: “Менин жаш досум, өзүңүздүн тарбиялануучуларыңызды эмгек аркылуу баш коштура билиңиз, анда адамдарга кызмат кылуу, адамдардын жыргалчылыгы үчүн күч жумшоо


парзы ачык-айкын керүнүп тургандай болсун. Мындай эмгекке – биздин айланабызда ар бир кадамыбызда мүмкүнчүлүк бар. Мына, сиздин тарбиялануучуларыңыздын алдында ээн жер жатат – алар ага ушунчалык көнүп калышкандыктан, жол боюнда таштандыга айланган ал жерди көрүшпөйт да, байкашпайт. Алар бул бош жерди көргүдөй, бул жерге көлөкөлүү кичинекей токойду – жайкы аптапта чарчаган жолоочу эс алгыдай жай түзүүнү каалагыдай кылыңыз. Адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштелген коллективдүү эмгек – бул чыныгы идеялык тарбиянын алиппесинин өзү экени, коллективдин идеялык жана эмоциялык өзөгү ушул эмгекте жалгашары эсиңизде болсун. Бирок тарбиялануучуларыңыз бир ишти баштап коюп орто жолдо токтоп калуусуна, баштаган жумушун таштап
коюуга эч убакта жол бербеңиз. Бул адамды бузат. Тарбиялануучуларыңыз мына бул жаман жана тиги да жаман, башкалардыкы жакшы, ал эми биздики жаман деген гана сөздөрдү айтышып, ишти жакшыртуу үчүн чөп башын
сындырбай коюшуна жол бербеңиз. Кургак сөздөр менен тарбиялай албайсыз. Коллектив практикалык иште, күрөштө, эмгекте жаралат жана чыңалат.

Коллективдин негиздеринин бири – интеллектуалдык жалпылык. Бул таанып-билүү жаатындагы бу же тиги конкреттүү кызыкчылыктар алардын бардыгын өзүнө тартууга тийиш дегендикке жатпайт. Тескерисинче, ийгиликтин сыры коллектив мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы жана ышкысы ар


түрдүү болушунда, алардын ар түрдүү китеп окушунда жатат. Интеллектуалдык биримдик – бул билимге жапырт умтулуу, илимий ойлорду, китепти, акылдуу, билимдүү адамдарды кадырлоо духу болуп эсептелет. Коллективдин чыныгы интеллектуалдык жалпылыгын мен мындай элестетем, маселен, II же VIII класс, анда 35 окуучу бар дейли: сегиз адам математикага кызыгышат, математик мугалимди жакшы көрүшөт; жети адам үчүн физика, сегизи үчүн – адабият, тогузу үчүн – биология, кыртыш
таануу, өсүмдүк өстүрүү ж. б. жол көрсөткүч жарык болуп калды. Дал ушул өзү чыныгы интеллектуалдык жалпылык. Ар кимднн өз кызыгуусу бар, ар биринде өз «чымыны» бар, ар бири коллективди өзүнүн бир нерсеси менен байытат. Кызыгуулардын мындай ар түрдүүлүгүндө коллективдин интеллектуалдык турмушу өтө бай болот. Сабак алдында чогулушуп же сабактан кийин үйгө бара жатышып, өспүрүмдөр илимдин жана техниканын келечеги жөнүндө талашат, кыялданышат, баарынан кызыгы – алар программалык материал, окуу китеби боюнча гана сүйлөшпөстөн, алардын эс-акылын сабактарда окубаган нерселер да толкундатат. Коллектив билимди дайыма байытууга умтулушу менен жашайт – бул өтө маанилүү. Бул умтулуш бүгүндөн тарых, география, математика, физика, биология, адабият
мугалимдеринин канчалык деңгээлде тарбиячы боло алганына, өзүнүн илиминин интеллектуалдык байлыгы менен тарбиялануучулардын акыл-эсин жана жүрөгүн канчалык багындыра алганына байланыштуу. Коллективдин мындай тарбиясы баарынан мурда тарбиялануучулардын жан дүйнөсү үчүн педагогдордун акылдуу, сыпайы күрөшүн билдирет. Бул иш жүзүндө, мектепте ар биринин башында акылдуу, өз илимине берилген педагог турган интеллектуалдык турмуштун бир нече очогун, борборун түзүү деген кеп. Бул борборлордун ар биринин өзүнүн уюмдашкан формасы бар – биздин мектепте, мисалы бул илимий-предметтик ийримдер эле, бирок уюштуруунун мындан башка да формасы болушу мүмкүн.

Адам бөлүнгүс (адептик, интеллектуалдык, эмоциялык, эстетикалык, чыгармачылык) – бир бүтүн нерсе, бул бүтүн нерсенин ачылышынын, көрүнүшүнүн, өсүшүнүн формасын бир гана коллективдин табышы мүмкүн эмес, анткени анын мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди уюштуруунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Алсак, класстын алгачкы коллективи инсанды ар тараптан өстүрүү милдеттерин чече ала турган бирикменин бирден бир формасы боло албайт. Тарбиялануучунун бири математиканы, экинчиси – биологияны, үчүнчүсү – адабиятты, төртүнчүсү – техникалык чыгармачылыкты үйрөнүүгө кызыгат. Мындан башка да алардын ар биринде бир же бир нече кызыгуу болот, мисалы: музыка, сүрөт тартуу ж. б. эр жете баштаган сайын айрым тарбиялануучуда өнүгүп жаткан шык башкалардын ишкердигине окшоштугу жок өз ишкердигин талап кылат. Кызыгуунун, ышкынын, ишкердиктин бул бүткүл татаалдыгын жана көп кырдуулугун


алгачкы коллективдин ишинин уюштуруу формасында сыйдыруу мүмкүн эмес”.

Поделитесь с Вашими друзьями:


База данных защищена авторским правом ©psihdocs.ru 2019
обратиться к администрации

    Главная страница