Тарбиялоо процессинин методдору



Скачать 177,8 Kb.
Дата19.06.2022
Размер177,8 Kb.
#186327
ТипРеферат
Связанные:
ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНИН МЕТОДДОРУ



Кыргызча рефераттар, макалалар, блог.
Студенттер тууралуу сүрөттөр, видеолор, тесттер... ж.б.
Мунун баардыгы студенттик порталда.
Students.com.kg
Баардыгы студент үчүн !


ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНИН МЕТОДДОРУ

  1. Тарбиялоо процессинин методдору

  2. Аң сезимди калыптандыруу методдору

  3. Ишмердүүлүктү уюштуруу методдору

  4. Стимулдаштыруу методдору

  1. Тарбиялоо процессинин методдору

Тарбиялоо процессинин методу - тарбиялануучуда алдын ала аныкталган сапаттарды калыптоо үчүн анын аң сезимине, эркине таасир этүүнүн жолдору, ыкмалары. Негизинен алганда коюлган тарбиялоонун бир эле максатына ар түрдүү методдорду колдонуу менен жетсе болот. Тарбиялоонун методу өз учурунда бир же бир канча тарбиялоонун ыкмаларынан турушу мүмкүн. Тарбиялоо ыкмасы бул - методдордун айрым бир өзүнчө мааниге ээ бөлүгү.
Тарбиялоо процесси эффективдүү жыйынтыкка алып келиши үчүн методдордун ичинен эң жакшы, оптималдуу методду тандоого туура келет. Оптималдуу тарбиялоо методу - бул аныкталган тарбиялоо максатына эң аз убакыттын ичинде жана эң төмөн чыгымдар менен жеткирүүчү метод. Тарбиялоонун оптималдуу методун тандоо төмөнкү шарттар менен аньткталат: а) тарбиялоонун максаты; б) тарбиялоонун мазмуну; в) тарбиялануучулардын жаш курактык өзгөчөлүктөрү; г) тарбиялануучулардын коллективи; д) тарбиялануучулардын өздүк өзгөчөлүктөрү; е) тарбиялоонун шарты; ж) тарбиялоонун каражаты; з) педагогдун профессионалдык даярдыгы; и) тарбиялоо убактысы, мөөнөтү; к) күтүлүүчү жыйынтык, корутунду.
Тарбиялоо процессинин методдорун анын максатына, мазмунуна жаиа процессуалдык мүнөздөмөлөрүнө карата төмөнкү үч топко бөлүшөт: аң-сезимди кальштандыруу методдору; ишмердүүлүктү уюштуруу методдору; стимуддаштыруу методдору (11-сүрөт).


Сүрөт II. Тарбиялоо методдору




  1. Аң-сезимди калыптандыруу методдору

Тарбиялоо процесси эң биринчи ирээт тарбиялануучуларга коомдо өзүн-өзү алып жүрүүнүн нормалары жана эрежелери менен тааныштыруудан башталат. Себеби тигил же бул сапатты калыптоо үчүн, эң биринчи ирээт ал сапатка ээ болуу зарылдыгын ачык. так түшүндүрүү керек. Демек, тарбиялоо ишмердүүлүгүндө ар түрдүү методдор менен тарбиялануучунун аң сезимине, ой толгоосуна түздөн-түз таасир этүү орун алат. Ошондуктан, тарбиялоо методцордун биринчи тобун аң-сезимди калыптоочу методдор деп аташат. Аң-сезимди калыптоочу методдорго томөнлөр кирет: аңгеме, түшүндүрүү, чечмелеп берүү, лекция, этикалык аңгемелешүү, ишендирүү, ынандыруу, көрсөтмө берүү, диспут, доклад жана үлгү.
этикалык ангемелешүү, ишендирүү, ынандыруу, көрсөтмө берүү. диспут, доклад жана үлгү.
Аңгеме методу эң кеңири таралган методдордун бири. Аңгеме түзүү менен педагог тарбиялануучунун ички сезимине таасир этүү менен бирге тиешелүү коомдо өзүн алып жүрүүнүн нормалары жана эрежелери менен тааныштырат. Эгерде аңгеме туура өткөрүлсө, анда жөн гана адептүүлүктүн нормалары түшүндүрүлбөстөн, ал нормаларга карата ар бир тарбиялануучунун оң же терс мамилеси пайда кылат дагы аныкталган сапаттарды калыптоого негиз болот. Аңгеме түзүүдө турмуштук мисалдардын, элдик чыгармалардын жыйынтыгын ар бир тарбиялануучу өзү аныктай тургандай шарт түзүү керек. Бул учурда аңгеме жаңы түшүнүктөрдүн жана ошондой эле адеп- ахлактык нормалар, жүрүш турупггар жөнүндөгү маалыматтардын булагы болуп калат.
Түшүндүрүү - тигил же бул турмуштук жагдайдын чечилишинде бардык мүмкүн болгон жыйынтыктарды талдай билүүгө үйрөтүү методу. Түшүндүрүүдө турмуштук бир эле жагдайда бир канчалаган жыйынтык келип чыгары көрсөтүлөт. Ал жыйынтыктар тигил же бул инсандын адамдык сапатын мүнөздөп турганын ачык-айкын далилдөө зарыл. Бул методдо ар түрдүү классикалык көркөм эмгектер, сүрөт чыгармалары же алардын репродукңиялык материалдары, тарыхый фотографиялар, ар түрдүү буюмдар колдонулат. Айрым учурда түшүндүрүүнүн жыйынтыгы эффективдүү болушу үчүн үндүк, музыкалык коштоолорду жана декоративдик материалдарды колдонуу керек.
Чечмелеп берүү тарбиялануучуга эмоциялык сөз менен таасир этүүнүн дагы бир методу. Эгерде аңгеме, түшүндүрүү негизинен алганда жалпы тарбиялануучулардын тобуна же группасына арналса, ал эми чечмелеп берүү ал топтун аныкталган бөлүгүнө же өзүнчө жеке инсанга таасир этүүгө багытталган. Бул метод тарбиялануучулардын ар биринин өзгөчөлүгүн алдын ала билүүнү талап кылат. Башталгыч класстарда адатта, «андай эмес, мындай болуу керек», «бул туура эмес, тигил туура», «андай болбо, мындай бол», «андай жасабай, мындай жаса» деп айтуу менен ал жагдайдарды чечмелеп берүү керек. Чечмелеп берүү методу тарбиялануучуга кайсы бир нерсенин жыйынтыгын туура же туура эмес экендигин түшүндүрүп берүү менен бирге, жаңы эрежелерди жана жоболорду жеткизүү үчүн колдонулат.
Лекция тарбиялануучулардын топторуна тарбиялык таасири бар материалдарды жеткирүү методу. Адатта лекция педагогдун монологу катары жүргүзүлөт жана аныкталган удаалаштыкта өтөт. Лекциянын тарбиялык таасири жогору болушу үчүн, аныи темасы жана убактысы алдын ала тарбиялануучуларга жеткирилиши керек. Лекция жүргүзүүдө алдын-ала даярдалган текстти жөн гана окубастан, материалдар боюнча өз пикирин эркин белгилөө менен кызыктуу өтүү зарыл.
Ишендирүү адамдардын ортосундагы мамилелер, өзүн коомдо алып жүрүүнүн нормалары жана эрежелери жөнүндө, алардын маанисин, маңызын терең түшүндүрүү менен аныкталган мүнөздөрдү өзүнө калыптоого багытталган тарбиялоо методу. Ишендирүүнүн негизинде тарбиялануучуда тигил же бул сапатты өзүнүн ички мүнөзүнө айландырууга ишеними пайда болушу керек. Ишендирүү методунда түздөн-түз турмушта орун алгаң татаал, курч абалдарды мисал катары алып, ал жагдайды ар тараптан терең талкуулоо колдонулат.
Ишендирүү кайсы бир талаптарды сөзсүз аткарууну кошо камтыса, анда ал ынандыруу методуна айланат. Тарбиялануучу тигил же бул адептүүлүктүн негиздерин өзүнө калыптоо зарыл экендигине өзүнүн ички ишеними гана эмес, аны сөзсүз түрдө иш жүзүнө ашыруу керек экендигине ынануусу (өзүнүн ички чечими) пайда болушу керек. Алдын-ала белгиленген сапат, мүнөз тарбиялануучуда өзүнөн-өзү эле калыптанбайт. ал мүнөздөр тигил же бул аракеттерди системалык түрдө аткарганда гана калыптанат. Ынандыруу методунда тигил же бул туура эмес аракеттин натыйжасы боюнча өзүнүн катасын аныктоо жана аны жоюга багыт берүү орун алат. -
Аңгеме, түшүндүрүү. чечмелен берүү, ишендирүү жана ынандыруу методдорун туура колдонгон учурда гана тарбиялоонун оң жыйынтыгы пайда болот. Эгерде бул методдор туура эмес уюштурулса, анда алар жөн гана кур потацияга айланып, тескерисинче тарбиялануучуларда терс эмоцияларды түзөт. Ошондуктан бул методдорду ар бир тарбиялануучунун өзгөчөлүгүнө жараша жана реалдуу шартты эске алуу менен өтө кылдат пайдалануу керек.
Этикалык темадагы аңгемелешүү - аныкталган багытта тарбиялануучу менен тарбиячынын бири-бирине ачык щпеним менен системалуу жана ирээттүү тигил же бул нормаларды, эрежелерди талдоо. Этикалык аңгемелешүүнүн максаты адеп-ахлактык, моралдык түшүнүктөрдү бекемдөө менен бирге ал билимдерди жалпылоо жана системага келтирүү. Аныкталган конкреттүү абалдарды талдоо менен анын жыйынтыгы жөнүндө бир пикирге келүү, тарбиялануучулардын өзүнө абдан пайдалуу чечимдерди алып келет.
Тарбиялоо процессинде көпчүлүк учурда (экскурсия учурунда, экстремалдык шарттарда жана башка учурларда) көрсөтмө берүү методу колдонулат. Мында тарбия ишииде сөзсүз аткарууга тийиш болгои нормалар, эрежелер берилет. Айрым учурда тигил же бул кыймыл аракет педагог тарабынан түздөн-түз көрсөтүлөт. Тарбиялануучу аларды аткаруу менен бирге өзүнө тиешелүү сапаттарды, касиеттерди өзүнө калыптайт.
Диспут - ар түрдүү турмуштук темалардын негизинде өздөрүнүн ачык ойлорун айтуу менен бирге нормаларды, эре-желерди, турмуштук позицияларды, көз-караштарды талдоо методу. Диспут өзүнүн максатына жетиши үчүн алдын ала талдана турган маселелер, катыша турган тарбиялануучулар, өтүү убактысы жана ошондой эле талдоонун эң негизги жоболору, эрежелери аныкталып, тарбиялануучуларга өз убагында жеткирилиши керек. Диспутту өткөрүү учурунда ар бир катышуучунун эркин болушуна жана өзүнүн оюн кеңири айтуусуна туура шарт түзүлүшү керек. Диспуттун максаты алдын ала бекитилген маселе боюнча жыйынтыкка келүү эмес, ал маселе боюнча тарбияланүучулардын өздүк мамилесин, оюн ортого салуу болуп саналат. Ошол эле учурда туура уюштурулган диспут тигил же бул адеп - ахлактык норманы, эрежени тез убакыттын ичинде ар бир тарбиялануучуда калыптоо үчүн жакшы жыйынтык берет.
Доклад аң-сезимди калыптандыруу методдорунун бири. Доклад педагог тарабынан дагы, ар бир тарбиялануучу тарабанан дагы даярдалышы мүмкүн. Докладдын материалы берилген маселелер боюнча кеңири адабияттык маалыматтар менен бирге түздөн-түз турмуштук мисалдарды камтышы зарыл. Эгерде докладды даярдоо тарбиялануучуга берилген болсо, анда ага тиешелүү методикалык жардам көрсөтүлүшү керек. Докладды талкулоодо ар бир тарбиялануучу активдүү катыша тургандай жагдайды түзүү зарыл.
Үлгү - тарбиялоонун натыйжалуу тарбиялоо методдорунун бири. Анткени үлгү тарбиялануучуларга туурап, кайталоо ишмердүүлүгү үчүн эң негизги булак болуп саналат. Башталгыч мектеп окуучулары көпчүлүк учурда тигил же бул нормаларды, эрежелерди атактуу, белгилүү инсандардын жана педагогдордуи кыймыл аракеттерин, ишмердүүлүгүн тууроо жолу менен өзүнө калыпташат. Ошондуктан тарбиялоо процессинде өздүк үлгүлөрдү көп пайдалануу зарыл. Айрым бир учурларда «тескери» үлгүлөрдү колдонуу менен терс кыймыл аракеттердин жыйынтыгын көрсөтүп, андай мүнөздөрдү, сапаттарды жою зарылчылыгын далилдөөгө болот.

  1. Ишмердүүлүктү уюштуруу методдору

Тарбиялоо процессинин жыйынтыгы ар бир тарбиялануучунун аныкталган сапатын, мүнөзүн калыптандыруу менен мүнөздөлөт. Тарбиялоо процессинин ишмердүүлүктү уюштуруу методдору түздөн-түз сапаттарды калыптоого багытталган. Инсандын адамдык касиети бул - жөн гана өзүн алып жүрүүнүн нормаларын, эрежелерин билүү эмес, аиы өзүнүн мүнөзүнө, жашоодогу өмүрдүк ишенимине, кредосуна айландыруу.
Тарбиялоо процессинин ишмердүүлүктү жана коомдо өзүн алып жүрүүнү уюштуруу методдоруна төмөнкү методдор кирет: көнүгүү, үйрөтүү, педагогикалык талап, коомдук пикир, тапшырма берүү жана тарбиялоо абалдары.
Көнүгүү - бирдей аракеттерди бир нече ирээт кайталоо менен өзүнүн сапатына. мүнөзүнө жана көндүмүнө айландыруу методу. Көнүгүү методунун эффективдүүлүгү аны кайталоо системасынан, мазмунунан, көнүгүүнүн татаалдыгынан, көлөмүнөн, кайталоо жыштыгынан, текшерүүдөн жана тактоодон, көнүгүүнү аткаруу мезгилинен жана ордунан, тарбиялануучунун өздүк өзгөчөлүгүнөн, жеке. топтук жана коллективдик формалардын айкалышынан, көнүгүүнү аткаруунун өздүк ички мотивинен көз каранды болот. Көнүгүү тарбиялануучунун мүмкүнчүлүгүнө тиешелүү болушу зарыл жана аны аткаруу формалдуу мүнөздө эмес, ички мотивинин негизде чын ыкластан орун алышы керек. Көнүгүүнүн жыйынтыгы бул - ар бир тарбиялануучунун көндүмү жана адаты болуп саналат.
Үйрөтүү - өзүн-өзү алып жүрүүнүн нормаларын, эрежелерин түздөн-түз ишмердүүлүктүн негизинде, тактап айтканда өздүк үлгүнү кайталоо менен калыптоо методу. Үйрөтүү сөзсүз түрдө тынымсыз тышкы текшерүүнүн алдында жүргүзүлөт жана аныкталган мүнөздү, сапатты тез убакыттын ичинде калыптоого шарт түзөт. Үйрөтүүдө дайыма кайталанып жаткан аракеттин гумандуулугу, анын адамдык баалуулукка туура келери ишенимдүү далилденсе, анда анын эфективдүүлүгү жогорулайт.
Педагогикалык талап - тарбиялануучуда тигил же бул сапатты өркүндөөтүү же болбосо басаңдатуу максатында, аныкталган ишмердүүлүктү өткөзүүгө багытталган тарбиялоо методу. Педагогикалык талап тарбиялануучу менен тарбиялоочунун пропесс учурундагы бири-бирине болгон мамилесин аныктайт.
Педагогикалык талап уюштурулушу, формасы боюнча тике жана кыйыр болуп бөлүнөт. Тике педагогикалык талап конкреттүү, сөзсүз түрдө аткарууну талап кылган мүнөздө болуп, ишмердүүлүк тышкы текшерүүнүн алдында жүрөт. Бирок, тике талап дайыма эле күтүлгөн жыйынтыктарды алып келбейт. Ошондуктан тике талапты коюда ар бир тарбиялануучунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен бирге, анын өздүк каалоосу менен аткаруудай шарт түзүү зарыл.
Ал эми педагогикалык кыйыр талап - сунуш, өтүнүч. ишеним, ишараат кылуу, кубаттоо жана башка ушул сыяктуу формада болуп, тарбиялануучунун тигил же бул ишмердүүлүктү аткаруу үчүн гана багыт берүү методу болуп саналат. Кыйыр талап тарбиялануучуда педагогдун кайрылуусу, сунушу боюнча ойлонууну, талдоону пайда кылып, андан соң тиешелүү кыймыл аракетти өзүнүн стимулунун негизинде гана жүргүзөт. Демек, туура коюлган кыйыр талап тигил же бул аракеттенүүнү пайда кылып аныкталган мүнөздү, сапатты калыптоого оңтойлуу шар түзөт.
Педагогикалык талап тарбиялоочу менен тарбиялануучунун ортосундагы кайрылуу багытына ылайыктуу жеке же башкалар аркылуу берилүүчү талаптарга бөлүнөт. Жеке талапта педагог түздөн-түз тарбиялануучу тигил же бул ишмердүүлүктү аткарууга багыттайт. Ал эми башкалар аркылуу берилүүчү педагогикалык талап кайсы бир топтун жалпы максатына жетиш үчүн ар бир тарбиялануучунун аткарууга тийиш болгон учурду мүнөздөйт.
Негизинен алганда тарбиялоонун коюлган максаттарына, мезгилине, тарбиялануучулардын өздүк өзгөчөлүгүнө жараша тике жана кыйыр, жеке жана башкалар аркылуу берилген педагогикалык талаптарды айкалыштыра колдонулушу керек.
Тарбиялануучунун тигил же бул мүнөзгө, сапатка ээ болушуна коомдук пикир методу орчунду ролду ойнойт. Тарбиялоо процессинде тигил же бул тарбиялануучу боюнча жалпы ой-пикир орун алат. Бирок, коомдук ггикир кай бир гана учурда тарбиялануучуда оң жагдай түзсө, көпчүлүк учурда тарбиялоо процессинин натыйжалуулугуна тоскоол болушу мүмкүн. Ошондуктан, коомдук пикир методун абдан кылдаттык менен пайдалануу зарыл.
Тарбиялоо процессинде аныкталган мүнөздү, сапапы калыптоодо тапшырма берүү методу эң жакшы жыйынтыктарды берет. Себеби тарбиялануучу тапшырманы аткаруу менен, ишмердүүлүктүн натыйжасын практика жүзүндө көрөт дагы толугу менен ал сапаттын сөзсүз турдө зарыл экендигине ишеними пайда болот. Тапшырма бир жагынан алганда тарбиялануучуга көрсөтүлгөн ишеним болсо. экинчи жагынан ал тиешелүү жоопкерчиликти белгилөө болуп саналат. Ошондуктан тапшырма берүү методунда көрсөтүлгөн ишеним менен белгиленген жоопкерчилик бири-бирине шайкеш келген учурда гана аныкталган жыйынтыкты берет.
Тарбиялануучулардын ишмердүүлүгүн жана коомдо өзүн өзү алып жүрүүнү уюштуруу методдорунун аныкталган турмуштук шарттарды пайдалануу тарбиялоо абалдары методу деп аталат. Тарбиялоо абалдары бул турмушта көздешүүчү жагдайлардын, орун алган мамилелердин жыйындысы болуп саналат. Тарбиялоо абалдары эч качан атайын даярдалышы керек эмес, тескерисинче ал сөзсүз түрдө реалдуу турмуштун бир эпизоду болушу зарыл. Реалдуу турмуштук абалдарды ачык айкын ар тараптан анализдөө, кетирилген мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана алардан туура жыйынтыктарды чыгаруу тарбиялоо абалдары методунуи натыйжалуулугуна шарт болот.

  1. Стимулдаштыруу методдору

Тарбиялоо процессинин стимулдаштыруу
методдорунун түздөн-түз багыгы - тарбиялануучулардын тигил же бул сапаттарын, мүнөздөрүн андан ары калыптоо, өркүндөтүү же тескерисинче, айрым бир терс сапаттарынын өрчүшүн ба-сандатуу, болтурбоого жетишүү. Эгерде аныкталган мүнөзгө, касиетке ээ болуу ар бир тарбиялануучунун өздүк аракетинин пайда кылуу орун алса, башкача айтканда натыйжалуу стимул түзүлсө, анда тарбиялоо максаттарды ошончолук жогорку деңгээлде ишке ашат. Ошондуктан, коомдун алгачкы өнүгүү мезгилинен тартып эле тарбиялоо процессинде стимул түзүү методдору колдонулуп келген. Азыркы мезгилде тарбиялоо процессинин стимул түзүү методдоруна сыйлоо, жазалоо жана мелдеш методдору кирет.
Сыйлоо тарбиялануучулардын аракетинин, ишмердүүлүгүнүн негизиндеги өзгөчө жетишкендиктерин жогорку эмоционалдык деңгээлде оң, туура аныктоо методу. Өз учурундагы адилеттүү сыйлоо тарбиялануучуда өздүк ишенимин, туура көңүлдү пайда кылуу менен бирге сапатын мүнөзүн андан ары калыптоого шарт түзөт. Сыйлоонун таасири тарбиялануучунун өзүнүн, жолдошторунун ийгиликтерине кубануу сезими менен мүнөздөлүнөт.
Сыйлоо методунун төмөнкү түрлөрү бар: кубаттоо; мактоо, ыраазычылык билдирүү, ыйгарым укуктарды берүү, грамота, сыйлыктарды тапшыруу жана башкалар.
Кубаттоо сыйлоо методунун эң жөнөкөй түрү. Кубаттоо - тарбиялануучунун аракетинин, ишмердүүлүгүнүн натыйжасын жалпы коллективдин алдында мимика менен. тиешелүү сөздөр менен туура баалоо, белгилөө. Тарбиялануучуга көрсөтүлгөн ишеним жана анын ишмердүүлүгүн кубаттоо алардын өз күчүнө болгон ишеним арттыруу менен аныкталган тарбиялоо стимулун пайда кылат.
Мактоо, алкыш жарыялоо - сыйлоонун кийинки деңгээли. Мактоо, алкыш жарыялоо жеке бир тарбиялануучуга же коллектйвге тиешелүү болушу мүмкүн. Сыйлоонун бул түрү туруктуу тарбиялоонун оң мотивин, эмоцияны пайда кылат жана аны узак убакытка чейин сактайт. Себеби, алар үзгүлтүксүз эмгектин натыйжасын гана көрсөтпөстөн, жаңы бир жетишкендиктин, жогорку деңгээлге жетүүнүн далили болуп саналат. Мактоо жана алкыш жарыялоо салтанаттуу абалда бардык тарбиялануучулар, ата-энелер жана коомчулуктардын өкүлдөрү катышкан чогулушта жарыяланса, анда анын таасири жогорулайт.
Ыйгарым укуктарды берүү - тарбиялануучунун же жалпы коллективдин жетишкендиктерин баалоо менен бирге, аларга айрым бир өзгөчө укуктарды тапшыруу болуп саналат. Ыйгарым укуктар башка тарбиялануучунун беделине таасир этпегендей жана аныкталган мезгилге гана берилиши керек.
Грамоталарды, сыйлыктарды тапшыруу тарбиялануучунун же жалпы коллективдин эмгегинин үзүрүн моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү болуп саналат. Адатта грамоталар жана сыйлыктар ар түрдүү деңгээлде болуп, жетишкендиктердин жыйынтыктарына жараша болушу керек.
Жалпысынан алганда сыйлоо методун ишке ашырууда төмөнкүлөрдү эске алуу керек. Биринчиден, сыйлоо объективдүү, туура жана өз убагында жүргүзүлүшү керек. Экинчиден, сыйлоо коллективдин алдында, салтанаттуу маанайда өтүшү зарыл. Үчүнчүдөн, сыйлоо көрсөтүүнүн жыштыгы туура аныкталышы керек, себеби, улам улам бир эле тарбиялануучуну сыйлоо тарбиялоонун оң мотивин түзбөй калат. Төртүнчүдөн, сыйлоо кур эле максатка айланбашы зарыл, анткени тарбиялануучу сыйлыкка эмес, аныкталган жетишкендиктерге жетүүгө аракеттениши зарыл.
Коомдун эң алгачкы өнүгүү этаптарында эле жазалоо - тарбиялоо процессинин натыйжалуу методу катарында колдонулуп келген. Азыркы мезгилде педагогика илиминде жазалоо методу жөнүндө көптөгөн талаш - тартыштар орун алганына карабастан. анын тарбиялоо процессинде өзүнүн ролу бар. Негизинен алганда, жазалоо методу тарбиялануучунун туура эмес сапаттын. мүнөзүң, кыялын басандатууга, аны туура жакка багыттоого арналган. Жазалоо методу туура эмес аракеттин натыйжасында кетирген каталарын өзүнө жана башкаларга далилдөө менен бирге кетирген кемчилиги, кандайдыр бир күнөөсү тууралуу өзүнүн ички сезимин пайда кылуу. Тарбиялоо процессинин башка методдорундай эле тышкы аныкталган стимулдун, башкача айтканда педагогодун катаны белгилеп, далилдеп бериши менен аны кайра кайталаи кетирбегенге өздүк аракет жасоого айланышы менен мүнөздөлөт.
Жазалоо методу кошумча милдеттерди жүктөө, айрым •бир укуктарын чектөө же ажыратып салуу, материалдык жана моралдык жактан чара көрүү менен ишке ашат.
Жазалоо методунун түрлөрүнө кубаттабоо, эскертүү берүү, чогулушта талкулоо, сабактан четтетүү жана мектептен чыгаруу кирет.
Кубаттабоо - тарбиялануучунун же жалпы коллективдин аракетинин туура эмес жагын көрсөтүү менен анын кайталанышына жол бербегенге аракет жасоо болуп саналат. Кубаттабоо өз учурунда жана кылдат түрдө берилиши керек.
Эскертүү берүү - тарбиялануучуга официалдуу түрдө, анын аракетине, ишмердүүлүгүнө жана анын жүрүш- турушуна тескери баа берүү болуп саналат. Эскертүү берүү жөн гана формалдуу болбостон, тескерисинче ачык, айкын жана далилдүү болушу керек. Жазалоонун жыйынтыгы натыйжалуу болушу үчүн айрым зарыл учурда, тарбиялануучунун аракетинин жыйынтыгы жалпы чогулушта, анын катышуусу менен талкууланат.
Тарбиялануучуну окуу процессинен убактылуу четтетүү дагы, аны тарбиялоо процессине туура салым кошушу мүмкүн. Ал эми мектептеги жазалоонун эң катуусу - мектептен чыгаруу болуп саналат. Бирок, мектептен чыгаруу жазалоонун бардык түрү натыйжа бербеген учурда гана колдонулушу керек.
Жазалоо методдору тарбиялануучуда адекваттуу, туура жыйынтыкты берүү үчүн төмөнкү жоболорду эске алуу керек:

  • жазалоо эч убакытта ден соолукка физикалык дагы, психологиялык дагы зыян келтирбеши керек;

  • бир катага бир эле жазалоо орун алышы зарыл;

  • мүмкүн болушунча жазалоо жекелик түрдө өтүшү керек;

  • жазалоодо тарбиялануучунун адамдык сапатына шек келтирбөө керек.

Жазалоо методу бул белгилүү бир гана кыймыл аракетке карата берилет, ошондуктан жазалоо аныкталган убакыт менен чектелет.
Стимулдаштыруу методунун дагы бир натыйжалуу методу мелдеш болуп саналат. Мелдешүү, жарышуу жана атандашуу негизинен алганда ар бир адамда сөзсүз түрдө орун алат. Ошондуктан мелдеш - тарбиялануучуларда туура атаандаштыкты пайда кылуу менен бирге аныкталган мүнөздөмөлөрдү, сапаттарды, кулк мүнөздөрдү натыйжалуу калыптоо методу.
Мелдеш методунун негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:

  • мелдешүү процессинде абдан күчтүү эмоционалдык, баалуулуктарды пайда кылуу менен бирге эмгектенүүнүн, окуунун оң мотивдерин пайда кылат;

  • мелдешүү тарбиялануучунун «ачылбай жаткан» мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн табууга өбөлгө түзөт;

  • тарбиялануучулардын бир максатка умтулуусун, алардын ынтымагын пайда кылат.

Мелдешүүнү абдан кылдаттык менен натыйжалуу өткөрүү үчүн мелдепггин максаты, мазмуну, баалоо критерийлери, өткөрүү убактысы, катышуучулардын саны жана аны өткөрүүнүн эрежелери алдын ала аныкталышы зарыл. Мелдеш методу өзүнүн максатына жетиши үчүн адилетттүү жана көз карандысыз жюри объективдүү чечимдерди кабыл алышы керек. Мелдешти өткөрүүнүн эң негизги максаты ачык, таза жана чыныгы таймашуунун негизинде күчтүүлөрдүн күчтүүлөрүн тандоо саналат. Ошондуктан туура, адилет өткөрүлгөн мелдеш тарбиялоонун оң мотивин түзөт жана кыска мөөнөттүн ичинде болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерди алып келет.



Скачать 177,8 Kb.

Поделитесь с Вашими друзьями:




База данных защищена авторским правом ©psihdocs.ru 2022
обратиться к администрации

    Главная страница