Срс фарм10-20 Т: Кыргыз элинин тарыхый инсандары



страница7/7
Дата03.11.2021
Размер0,59 Mb.
#174412
1   2   3   4   5   6   7
Связанные:
Кыргыз элинин тарыхый инсандары
Кыргыз элинин тарыхый инсандары

Анын эмгектери эске алынып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болгон. Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти наамдарын алган. Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ардактуу лауретына татыган. Ошондой эле бир канча ордендер жана медалдар менен сыйланган. Д.Күйүкова 1997-жылы 20-мартта дүйнөдөн өткөн.

  • Анын ысмы борборубуздун жаңы конуштарынын биринин көчөсүнө берилген.

Бакен Кыдыкеева

СССРдин Эл артисти Б.Кыдыкеева 1920-жылы 20-сентябрда Кант районундагы Октябрь айылында туулган.

Сахнадагы ишмердигин 16 жашында Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенүүдөн баштаган. 21 жашында Прежевальск жана Нарын облусттук театрларына иштөөгө барат. Ал жактарда 3 жыл иштеген соң, 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрына келип орношот.

Б.Кыдыкееванын эмгектери эске алынып, 1970-жылы СССРд ин Эл артисти деген наам берилет. Ушул эле жылы театрдагы мыкты чеберчилиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына ээ болот. Андан соң Б.Кыдыкеева 1977-жылы Бүткүл союздук кинофестивалда “Актердук иш үчүн сыйлык” номинациясын жеңип алат.

Б.Кыдыкеева “Салтанат” (1955-ж), “Токтогул (1959-ж), “Биринчи мугалим” (1965-ж), “Саманчынын жолу” (1967-ж), “Караш-караш” (1969-ж), “Комиссар” (1969-ж), “Ата-бабалардын сыры” (1972-ж), “Көчө” (1973-ж) жана башка көптөгөн фильмдерде башкы ролдорду профессионалдык деңгээлде мыкты, чебер ойногон актриса болгон.

Ал 74 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

  • Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине анын ысмы ыйгарылган.

Динара Асанова

РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Д.Асанова 1942-жылы 24-октябрда Фрунзе шаарында туулган.

Орто мектепти аяктаган соң 1960-1962-жылдары Кыргызфильм киностудиясында иштеген. Ошол мезгилде ал “Тянь-Шандык кыз”, “Ар кимдин өз жолу бар” кинолоруна тартылган. Андан соң Л.Е.Шепитьконун тобуна кошулуп, анын “Аптап” фильминде иштеген.

1968-жылы Д.Асанова ВГИКтин режиссерлук факультетин аяктайт. Аталган окуу жайда М.И.Ромм, А.Б. Столпер сыяктуу мыкты адистерден сабак алат. Дипломдук иши үчүн В.Г.Распутиндин аңгемеси боюнча кыскаметраждуу “Рудольфио” киносун тартат. Анын 1974-жылы “Ленфильм” киностудиясында тарткан толук метраждуу “Тоңкулдактын башы оорубайт” киносу көрүүчүлөр жана кино сынчылардын көңүлүн өзгөчө буруп, ага биринчи атак-даңкты алып келет. Андан соң “Башкага берүүгө болбой турган ачкыч” (1977-ж), “Кайгы” (1977-ж), “Аялым кетип калды” (1979-ж), “Макоо” (1980-ж), “Боз балдар” (1983-ж), “Жагымдуу, кымбаттуу,сүйүктүү, жалгыз…” (1984-ж) фильмдерин жараткан.

Д.Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманск шаарында “Бейтааныш” фильмин тартып жургөн м аалда кокустан каза болуп калат. Сөөгү Бишкек шаарына коюлган. Д.Асановага жана анын чыгармачылыгына арнап И.Алимпиев “Баарыңарды абдан сүйөм” жана В.Титов “Динара” деген документалдуу фильмдерди тартышкан.

  • Борбор шаарыбыздагы көчөлөрдүн бирине анын ысмы берилген.

Сүймөнкул Чокморов

  • Сүймөнкул Чокморов (09.11.1939-26.09.1992) – дүйнөгө белгилүү залкар сүрөткер, залкар киноактер, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргыз Эл депутаты, көптөгөн Эл аралык, Бүткүл союздук, Республикалык сыйлыктардын, баш байгелердин ээси, жыйырмадан ашык кинотасмаларда башкы ролдорду ойногон. Ал көркөм сүрөт (пейзаждык жана портреттик жанр) жана графика түрүндөгү 800гө жакын чыгарманын автору. 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат. Ленинграддагы көркөм Сүрөтчүлөр Академиясын 1964-жылы бүтүргөн. Волейбол боюнча спорт чебери, Кыргызстандын жана Ленинград шаарынын курама командасында ойногон.


Поделитесь с Вашими друзьями:
1   2   3   4   5   6   7




База данных защищена авторским правом ©psihdocs.ru 2022
обратиться к администрации

    Главная страница