Компьютердик тармактарды башкаруу предмети -лекциянын лабораториялык жумушу (3 саат, балл). Сабактын



Скачать 21,64 Kb.
Дата05.05.2023
Размер21,64 Kb.
#215268
ТипЛекция
Связанные:
Лаб жумуш. 7- лек. Компьютердик тармактарды башкаруу предмети


Компьютердик тармактарды башкаруу предмети

7-лекциянын лабораториялык жумушу (3 саат, 4 балл).

Сабактын темасы: Өткөрүү чөйрөсүн тандоо
Сабактын планы:

  • Электрдик сигналдардын жардамында байланышты уюштуруу.

  • Радиотолкундардын жардамында байланышты уюштуруу.

  • Жарык сигналдарынын жардамында байланышты уюштуруу.

Сабактын максаты:

  • Студенттер өткөрүү чөйрөсү жөнүндө түшүнүк алат.

  • Электрдик сигналдардын, радиотолкундардын жана жарык сигналдарынын жардамында байланыш уюштурууну ишке ашырат.

  • Аталган байланыштарды практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кандайдыр бир маалыматтарды бир жөнөтүүдө колдонулуучу, жөнөтүүчү менен кабыл алуучунун ортосундагы физикалык субстанция өткөрүү чөйрөсү деп аталат.


Маалыматтар сигналдардын жардамында жөнөтүлөт. Ал эми сигналдар өз кезегинде түрдүү жаратылышка ээ болушары бизге лекциялык сабактардан белгилүү. Бүгүн биз бул сабакта өткөрүү чөйрөсүнүн негизги үч түрүнүн, башкача айтканда электрдик сигналдардын, радиотолкундардын жана жарык сигналдарынын жардамында байланыш уюштурууну ишке ашырабыз.


Электрдик сигналдардын жардамында маалыматтарды жиберүү.

  • Электрдик сигналдардын жардамында маалыматтарды жиберүүдө ар кандай типтеги өткөрүү кабелдери колдонулат.

  • Биз учурдагы сабакта «Витая пара» кабелин пайдалануу менен менен өткөрүү чөйрөсүн колдонууну үйрөнөбүз.

Жарык сигналдарынын жардамында маалыматтарды жиберүү.

  • Жарык сигналдардын жардамында маалыматтарды жиберүүдө Оптикалык була деп аталуучу кабель колдонулат.

  • Биз учурдагы сабакта аталган кабелдин кесиндисин пайдалануу менен жарыктын жардамында өткөрүү чөйрөсүн колдонууну үйрөнөбүз.

Электомагниттик толкундун жардамында маалыматтарды жиберүү.

  • Электромагниттик толкундардын жардамында маалыматтарды жиберүүдө түрдүү жыштыктагы электомагниттик толкундар колдонулат.

  • Биз учурдагы сабакта microtik Dynadish деп аталган роутерди пайдалануу менен электомагниттик толкундардын жардамында өткөрүү чөйрөсүн колдонууну үйрөнөбүз.



Тапшырма:



  1. Симулятор cisco packet tracer дин жардамында электрдик сигналдардын, радиотолкундардын жана жарык сигналдарынын байланышын уюштуруп бер (1 балл).




  1. Электрдик сигналдардын, радиотолкундардын жана жарык сигналдарынын жардамында байланыш уюштуруучу каражаттардын мүмкүнчүлүктөрүн айтып бер, жана аны практика жүзүндө ишке ашыр (2 балл).




  1. Google сlassroom тиркемесинде жүктөлгөн видеосабактын жардамында тапшырманы улантып аткар (1 балл).

Силлабустагы адабияттарды колдонуу сунушталат.

.
Скачать 21,64 Kb.

Поделитесь с Вашими друзьями:




База данных защищена авторским правом ©psihdocs.ru 2023
обратиться к администрации

    Главная страница